Тышкы иштер министри Washington Times гезитине макала жазды

Макалада тараптардын саясий жактан тең болушунун баш тартылгыс шарт экендиги белгиленди

696093
Тышкы иштер министри Washington Times гезитине макала жазды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кипр сүйлөшүүлөрүндөгү келинген акыркы абалга Американын Washington Times гезитине жазган макалада баа берди. Чавушоглу : «Түркиянын Кипр көз карашы» деген макаласында тараптардын саясий жактан тең болушунун баш тартылгыс шарт экендигин белгиледи. Түркиянын туруктуу тынчтык үчүн колунан келгенди аткаргандыгын эске салган Чавушоглу : «Кипр түрктөрү рум тарабынын жалгыз калтыргандыгына карабастан Түркиянын да колдоосу менен туруктуу макулдашуу үчүн болгон күчү менен иштеди. Рум бөлүгү болсо БУУму да колдогон макулдашууну ар дайым четке какты. Натыйжада бүгүн келинген абал эки тарап үчүн да кабыл алынгыс болду»,- деди.

Аралда бир тараптын ээлик кылышы же бир тараптан азчылык болушунун кабыл алынбай тургандыгын белгилеген Чаушоглу Кипрде бийликтин аймактык жана коомдук жактан бөлүшүлүшү керектигин белгиледи.

Түркиянын аралда тынчтыктын  түзүлүшү үчүн колунан келгенди аткаргандыгын да белгилеген Чавушоглу туруктуу макулдашуунун рум тарабына Түркиянын достугун алып келерине көңүлдөрдү бурду. Мевлют Чавушоглу : «Аралга муктаждыгына карата суу бере алабыз. Суу тек булактары изилдене алат жана чыгарыла алат. Түрк портторунун ачылышы менен румдар үчүн жаңы ташуучу жолдор ортого чыгат жана соода көлөмү чоңойот»,- деди.

Туруктуу тынчтыктын түрк – грек карым – катнаштарына да оң таасир берерин айткан тышкы иштер министри : Сисифос дипломатиясында баткакка  батуу эч кимге пайда алып келбейт. Түркия жана кипрдик түрктөр аралда макулдашуунун түзүлүшү үчүн даяр. Убакыт бир бирине карата аракет кылуунун убагы»,- деди.



Тектеш кабарлар