Чавушоглу-Лавров сүйлөшүүсү

Сүйлөшүү Анкаранын талабы боюнча өткөрүлдү

690389
Чавушоглу-Лавров сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия маселесинин чечилүүсүнө карата жүргүзүлүп жаткан Астана процессин сүйлөшүштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда Анкаранын талабы боюнча Чавушоглу менен Лавров бүгүн телефон сүйлөшүүсүн өткөрүштү.

Эки министр сүйлөшүүдө Казакстандын борбор шаары Астанада 14-15-март күндөрүндө өткөрүлүшү пландалган үчүнчү айламдагы сүйлөшүүлөргө карата даярдыктарды карап чыгышты.



Тектеш кабарлар