Өкмөт башчы Нидерландияга эсеси менен жооп берилээрин айтты

Премьер-министр Йылдырым, жазуу түрүндөгү жарыясында үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Каянын Түркиянын Роттердамдагы Башкы консулдугуна киришине уруксат берилбөөсүнө эң күчтүү түрдө каршылык көрсөткөндөрүн белгиледи.

689801
Өкмөт башчы Нидерландияга эсеси менен жооп берилээрин айтты

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Нидерландиянын Түркияга жана дипломатиялык кол тийбестиги болгон министрлерге карата жасаган кабыл алынгыс мамилесине эсеси менен жооп бериле турганын билдирди.

Премьер-министр Йылдырым, жазуу түрүндөгү жарыясында үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Каянын Түркиянын Роттердамдагы Башкы консулдугуна киришине уруксат берилбөөсүнө эң күчтүү түрдө каршылык көрсөткөндөрүн белгилеп, нидерландиялык кесиптештерине мунун жообу эң оор түрдө бериле турганын айткандарын белгилеп өттү.

Ар мүмкүнчүлүктө демократия, сөз эркиндиги, адам укугу тууралуу айткан европалык дос сымалдардын, бул окуяга байланыштуу дагы бир жолу сынактан өтпөй калганын баса белгилеген Өкмөт башчы: «Түркияга жана дипломатиялык кол тийбестиги болгон министрлерге карата жасаган кабыл алынгыс мамилесине эсеси менен жооп берилет»,-деди.

Премьер-министр Йылдырым, жеке менчик бир телеканалдын берүүсүнө телефон аркылуу катышып, Нидерландиянын эч бир дипломатия жана урмат-сый эрежесине баш ийбегенин белгилеп, атуулдарды «чагымчылыктарга алдырбоо» чакырыгын салды.

Нидерландияда жашаган түрк жарандарынын да тынч болууларын, акыл эстүүлүк менен кыймыл кылууларын жана чагымчылыктарга жол бербөөлөрүн каалаган Йылдырым, Нидерландия өкмөтүнө бериле турган эң сонун жооптун 16-апрелдеги элдик добуш берүүнүн жыйынтыкталышы менен дагы жакшы түшүнүктүү болоорун белгилеп кетти.

Өкмөт башчы Йылдырым, бул окуялардын Нидерландиянын толугу менен ички саясатынан 14-мартта боло турган шайлоодон келип чыккан абал болгонун ойлогондорун белгилеп: «Бирок шарттар кандай болсо дагы эч бир жагынан биз тараптан кабыл алынгыс жана мунун жообу сөзсүз эң оор түрдө берилет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар