Түркия менен Орусиянын ортосундагы эң орчундуу жолугушуу

Президент Р. Т. Эрдоган бүгүн Орусиянын президенти В. Путин менен акыркы алты айдагы төртүнчү жолугушуусун өткөрөт

688780
Түркия менен Орусиянын ортосундагы эң орчундуу жолугушуу

Президент Р. Т. Эрдоган бүгүн Орусиянын президенти В. Путин менен акыркы алты айдагы төртүнчү жолугушуусун өткөрөт. Москвада боло турган жолугушууда Сирия кризисине байланыштуу бардык жолдор каралат.

Жолугушууда  террордук уюм ПЙД/ЙПГге калтырылышы кааланган Мүнбичтеги түйүндүн чечилиши күтүлүүдө. Ракканы ДЕАШтан куткаруу операциясы да сүйлөшүлөт.

Жолугушууда Евфрат калканы кыймылы, ыктымалдуу Ракка операциясы менен Түркия алууна пландаган S – 400 ракеталык коргонуу системалары да күн тартибине келет.

Баштала турган жаңы туризм сезонунан мурда орус эс алуучуларынын келиши да сөз боло турган темалардын арасында. Түркия жана Орусия карым – катнаштары жактан абдан чоң мааниге ээ болгон башка бир тема болсо энергетика. Аккую ядролук күч станциясы жана Түрк агымы жаратылыш газ жолу да каралат.



Тектеш кабарлар