Тышкы иштер министринен Меркелге жооп

Тышкы иштер министри Германияга 30га жакын иш чара үчүн кайрылууда болгондугун жана буларга жооптун күтүлүп жаткандыгын сөздөрүнө кошту

688184
Тышкы иштер министринен Меркелге жооп

 Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кээ бир министрлердин жыйындарына тоскоол болгон Германия менен болгон араздашуу тууралуу : «Биз немис башкаруусуна фашист деп айтпайбыз.  Аткарылган нерселер ал мезгилди  эске салууда»,- деди. Мевлют Чавушоглу борбор шаар Анкарада гезит жана телекөрсөтүүлөрдүн редакторлору менен жыйын өткөрдү. Германия менен болуп жаткан араздашууга байланыштуу баа берген Чавушоглу Германиянын кээ бир министрлердин жыйындарынын токтотулушу тууралуу чечиминде Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ жана жикчил террордук уюм ПККнын жүз пайыз таасирдүү болгондугун айтты.  

Чавушоглу : «Силер фашистсиңер деген жокпуз. Чечим фашисттик мезгилди эске салууда дедик. Мындай нерсе эч качан болгон эмес, мен эмне менен салыштырамын. Негизинен Европадагы жалпы абал бизге Экинчи дүйнөлүк согуштан мурунку абалды эске салууда. Голландияда Вилдерстин жасагандары, чет элдиктерге карата жасагандары... Фашисттерден эмне айырмасы бар. Өзү бир фашист, айырмасы жок»,- деди.

Тышкы иштер министри Германияга 30га жакын иш чара үчүн кайрылууда болгондугун жана буларга жооптун күтүлүп жаткандыгын сөздөрүнө кошту. Германиянын канцлери Ангела Меркель немис парламентинде сүйлөгөн сөзүндө : «Түркия абдан маанилүү өнөктөш, бирок фашисттик окшотуусу капалантуучу»,- деген.



Тектеш кабарлар