2023-жылы алдыңкы 10 өлкө максатыбызга жаңы система аркылуу жете алабыз

Эрдоган Орусия сапары тууралуу да алдыңкы күн тартиптин Сирия боло турганын, мындан тышкары эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык темалар карала турганын айтты.

687753
2023-жылы алдыңкы 10 өлкө максатыбызга жаңы система аркылуу жете алабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 16-апрелде боло турган элдик добуш берүүгө карай Германиядагы мекендештер менен жолугушуу үчүн иш-аракеттер уланып жатканын айтты.

ТРТнын атайын программасына катышкан президент Эрдоган, мекендештерге кайрылып: «Президент катары алардан жалгыз суранычым шайлоого баргыла, кандай тоскоолдукту кылса дагы ага карабай добуштарыңарды бергиле, бере турган добушуңуз батышка, дүйнө жүзүнө эң сонун жооп болот»,-деп айтты.

Эрдоган: «Мекендештерибиз менен көңүл байланышыбызды кызганып жатышат. Эмне кылса кылсын бул байланышыбызды эч ким үзө албайт»,-деди.

Эрдоган Орусия сапары тууралуу да алдыңкы күн тартиптин Сирия боло турганын, мындан тышкары эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык темалар карала турганын айтты.

Президент, 16-апрелде элдик добушка коюла турган конституциялык өзгөртүү көздөгөн Президенттик өкмөт системасында Премьер-министрликтин жоюла турганын, Парламенттин мыйзам чыгаруу ыйгарым укукгунун жана текшерүү күчүнүн арта турганын белгилеп кетти.

Жаңы система менен Президенттин соттоло алуусунун жолу ачылганын белгилеген Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Жыйынына да шайлоолордун жаңылануу ыйгарым укугунун берилгенин айтты.

«Элибизге дагы жакшы кызмат кылууну каалайбыз»,деген Президент: «(Республиканын курулганынын 100-жылдыгы болгон) 2023-жылы алдыңкы 10 өлкө максатыбызга жаңы система аркылуу жете алабыз»,-деп кошумчалады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, конституциялык өзгөртүүнү, системага байланыштуу ырааттуулуктун, коопсуздуктун жолуна түшүүсү катары көргөнүн айтып, «Режим алмаштыруу сыяктуу дартыбыз жок, ал иш (Республика жарыяланганда)1923-жылы бүткөн»,-деди.

Эрдоган учурдагы системанын Түркияда ырааттуулукту коркунучка салганын айтып: «Биз өзүбүзгө эмес, өлкөбүздүн келечеги үчүн система куруп жатабыз»,-деп айтты.

Режеп Таййип Эрдоган, жаңы системада террор менен күрөшүү боюнча дагы ылдам жыйынтыктар алына турганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган, Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети тууралуу, «15-июлда улутубуздун ыйманын, мекен сүйүүсүн көрүүдөмүн. 16-апрель 15-июль менен эсептешүү күнү болот»,-деди.

Президент экономикадагы демилгелер темасында болсо бир партиялуу өкмөттөр мезгилиндеги ырааттуулук аркылуу Түркиянын чет өлкөлүк инвесторлордун коопсуз портуна айланганын айтып: «Жумуш менен камсыздоодогу кыйынчылыктарды ашып өтөбүз, жумушсуздук бир орундуу сандарга түшөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар