Түркия - Пакистан кеңеш жыйыны

Ядролук жайылууну алдына алуу жана куралсыздануу каралган жыйындын 5 -  айлампасы Исламабадда өттү

687343
Түркия - Пакистан кеңеш жыйыны

 

Пакистан тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда борбор шаар Исламабадда өткөрүлгөн кеңешүү жыйынында түрк делегациясынын жетекчилигин тышкы иштер министрлигинин Эл аралык коопсуздук иштер боюнча баш директору Алпер Жошкун, Пакистан делегациясынын башчылыгын да элчи Тасним Аслам аткарды.

Эки жак  ядролук жайылууну алдына алуу жана куралсыздануу боюнча кенен пикир алышууларда болушкан жыйында глобалдык жана аймактык коопсуздук темалар да каралды. Түрк делегациясы айрыкча Пакистандын премьер – министринин тышкы карым – катнаштар боюнча кеңешчиси Сертач Азиз менен жолугушту.



Тектеш кабарлар