Террордук уюмдар менен күрөшүп жаткан жалгыз өлкө Түркия

Түркия террордук уюмдарга каршы жалгыз күрөшүп жатат

685234
Террордук уюмдар менен күрөшүп жаткан жалгыз өлкө Түркия

Вице-премьер Нуреттин Жаникли террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүп жаткан жалгыз өлкөнүн Түркия экенин айтты.

Нуреттин Жаникли Хатайда «Адилет жана өнүгүү» партиясынын облустук башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Күчтүү жана Улуу Түркия жолунда байыртадан күнүбүзгө облустук башкаруучулуктардын жолугушуусу» аттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

Түркиянын жикчил террордук уюм ПКК, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана ДЕАШка каршы күрөшүп жатканын эске салган Жаникли: «Бизге ДЕАШка каршы күрөшпөй элесиңер, ал эмес колдоо көрсөтүп жатасыңар деп эл аралык тармакта адилетсиз түрдө адеп-ахлаксыз мамилелер жасалган. Жалгыз күрөшүп жаткан да бизбиз. Башка эч бир өлкө чын дилден күрөшпөй эле. Сириянын Эл Баб аймагында көзөмөл колго алынгандан кийин ДЕАШ карамагындагы айрым жерлерди эч кагылышуу болбостон жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДге калтырып жатат. ПЙД Сирия режимине калтырууда. Сирия режими айрым жерлерде ПЙДге өткөрүп берүүдө. Биз буларды ансыз деле билчүбүз. Эми жашыра турчу эч нерсе калган жок»,-деди.



Тектеш кабарлар