Баку - Тбилиси - Карс темир жолу
Ахмет Арслан : «Кытайдан, Казакстандан, Түркмөнстандан, Азербайжандан, Грузиядан келген жүк кыймылы өлкөбүз аркылуу Европага бара алат»
Дүйнө күтүп жаткан Баку – Тбилиси – Карс темир жолу проектиси эки айдан кийн кызматка кирет. Транспорт, деңизчилик жана информация министри Ахмет Арслан Карста берген маалыматында Баку – Тбилиси - Карс темир жолу проектисинин аягына чыгып бара жаткандыгын белгилеп : «Эки айдын ичинде курулушун бүтүрүп, андан кийинки эки айлык процессте да тести жасалып, июнь айынын ичинде Баку - Тбилиси - Карс проектиси менен дизелдик кыймылдаткыч аракетине өтүүнү каалап жатабыз»,- деди.
Бул проекти Түркия үчүн эмес, Түркия аркылуу соода кылууну каалаган бүткүл дүйнө өлкөлөрү үчүн маанилүү проекти экендигин белгилеген Арслан : «Кытайдан, Казакстандан, Түркмөнстандан, Азербайжандан, Грузиядан келген жүк кыймылы өлкөбүз аркылуу Европага бара алат»,- деди.
Кытайдан Европа Биримдиги өлкөлөрүнө, дүйнө базарларына кеткен бир продукциянын деңиз жолу менен 45 – 60 күндүн арасында баргандыгын айткан министр Ахмет Арслан Орусия түндүк коридор аркылуу кеткен бир продукциянын да бир айдан ашуун убакытта адресине жеткирилерине көңүлдөрдү бурду. Арслан Баку – Тбилиси - Карс темир жолу проектисинин болсо убакыт жана финансылык жоготуунун азайтыларын белгиледи.