Түркия Германияга катуу каршылык көрсөттү
Эрдманнга Түркиянын тынчсыздануусу жана каршылык көрсөтүүсү билдирилди.
683589
![Түркия Германияга катуу каршылык көрсөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0217/65c0/2996/589ffb785b486.jpg?time=1718861640)
Адилет министри Бекир Боздаг жана экономика министри Нихат Зейбекчинин, Германияда өткөрүүнү пландаган жыйналыштарынын жоюлушунан кийин Германиянын Түркиядагы элчиси Мартин Эрдманн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.
Европа менен байланыштар боюнча жооптуу кеңешчинин орун басары Мехмет Кемал Бозай тарабынан кабыл алынган Эрдманнга Түркиянын тынчсыздануусу жана каршылык көрсөтүүсү билдирилди.
Германиянын элчиси менен эки министрдин өткөрө турган жыйналыштарына уруксат берилбешинин демократиялык укук мамлекети принциптерине шайкеш келбегени сыяктуу сөз эркиндигине да терс мамиле болгону кулак кагыш кылынды.