Түркия Арменияны айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады

680471
Түркия Арменияны айыптады

Түркия-Азербайжан фронтундагы окуяга байланыштуу Арменияны айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Армения тараптын 24-февралдан 25-февралга караган түнү Азербайжанга карай оор куралдар менен кол салуусун айыптайбыз»,- деп айтылды.

Министрлик шейит болгон азербайжандык аскерлердин жаткан жерлери жайлуу болушун каалап, бардык Азербайжан элине көңүл айтты.

Жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Армениянын чейрек кылымдан бери Азербайжандын жерлеринин бештен бирин ээлеп келе жатканы баса белгиленди.

Тышкы иштер министрлиги, буга чейинки кагылышуулардын кайталанбашы үчүн Арменияны ок атышпоого жана эреже бузууларын токтотуууга чакырды.

Ошондой эле Түркиянын Азербайжандын жеринин бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүнүн алкагында адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жол табылышы үчүн колдоо көрсөтүүсүнүн уланаары сөз кылынды.

Билдирүүдө айрыкча Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун бул туурасында азербайжандык кесиптеши Элмар Меммедияров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.



Тектеш кабарлар