Түркия сынга алынуунун ордуна кубаттоого алынышы керек

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Ирандын Түркияны сындагандын ордуна кубаттоосу керектигин айтты

678512
Түркия сынга алынуунун ордуна кубаттоого алынышы керек

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Ирандын Түркияны сындагандын ордуна кубаттоосу керектигин айтты. Президенттик сарайында пресс – жыйын өткөргөн Калын күн тартибине байланыштуу баа берди.

Ирандын Түркиянын негизги коңшусу экендигин белгилеген калын бул өлкө менен эки тараптуу карым – катнаштарда жана аймактык маселелерде дайыма диалог ичинде болгондугун белгиледи.

Ибрахим Калын : «Ирандын аракеттерин көрбөстүккө сала албайбыз. Ал жерге Сирия режиминин чакыруусу менен бардык деген аргументтин биз үчүн эч кандай күчү жок.  Кайсы режим менен кызматташтык түзүү менен Иран муну айтып жатат, мунун эсебин чыгарышы керек.  600 миң кишинин өлтүрүлүшү тууралуу бир өкмөт менен кызматташтык түзүү канчалык мыйзамдуу? Бизди сынга алуунун ордуна куттукташы керек»,- деди.

Түркиянын террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүнүн так экендигин баса белгилеген Ибрахим Калын : «Муну колдоонун ордуна кээ кээде Түркияга карата сындар келип жатат. Мамлекеттин атынан сөз сүйлөп жатканда маалыматтар менен сүйлөө керек. Биз өз улуттук коопсуздугубуз, аймак жана Сирия калкынын келечеги үчүн абдан олуттуу күрөштү берип жатабыз»,- деди.

Обама  башкаруусунун Түрк – АКШ карым – катнаштарында террордук уюм ПЙД жана ФЕТӨ сыяктуу эки маселени таштап кеткендигин белгилеген Калын буларды чечүү үчүн жаңы башкаруу менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын да билдирди. Ибрахим Калын эки өлкөнүн лидерлеринин май айында боло турган НАТО жыйынында  жолугушуусу үчүн да пландарынын улантылып жаткандыгын билдирди.

Ибрахим Калын айрыкча президент Р. Т. Эрдогандын келерки айда Орусиянын борбор шаары Москвага сапар менен барарын белгиледи. Сапарда Сирия, террор менен күрөш, санкциялардын жоюлушу сыяктуу темалардын караларын белгилеген Калын : «Президенттин Орусия федерациясына сапары жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны тууралуу»,- деди.

Президенттиктин катчысы Германияда негизи болбогон күнөөлөөлөр менен Дин иштери боюнча түрк ислам биримдиги ДИТИБ мүчөлөрүнө карата изилдөөнүн баштатылышынын аркада башка ниеттердин бар экендигин көргөздүгүн белгилеп : Дин иштери боюнча түрк ислам биримдиги ДИТИП ал жердеги түрк  - мусулмандардын муктаждыктарын көрүү менен эле калбайт ошол эле учурда радикалдашууга каршы абдан маанилүү роль ойногон. Бул Дин иштери башкармалыгынын маанилүү ийгилиги. Бул кубаттоого алынышы керек,  мындай изилдөө кабыл алынбайт.  ДИТИП боюнча эмес, террордук уюмдарына токтолушу керек»,- деди.

Ибрахим Калын Кипр сүйлөшүүлөрүндө келинген баскыч тууралуу : «Кадам таштоосу керек болгон Рум тарабы»,- деген сөздөрдү колдонду.



Тектеш кабарлар