Пакистандын премьер - министри Анкарада
Пакистандын премьер – министри Наваз Шериф премьер – министр Бинали Йылдырымдын расмий коногу катары кечээ кечинде Анкарага келди
678622
Пакистандын премьер – министри Наваз Шериф премьер – министр Бинали Йылдырымдын расмий коногу катары кечээ кечинде Анкарага келди.
Президент Р. Т. Эрдоган конок премьер – министр Шериф менен кечээ кечки тамакта жолугушту. Бештепедеги мамлекеттик конок үйүндө басма сөзгө жабык өткөн кечки тамакка президент Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган менен премьер – министр Шерифтин жубайы Гүлсүм Наваз Шериф да катышты. Наваз Шерифти бүгүн премьер – министр Йылдырым Чанкая сарайында расмий азем менен тосуп алды. Аземге тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, премьер – министрликтин кеңешчиси Фуат Октай жана башкалар катышты.