16-апрель Түркия үчүн тарыхый окуя болот

Президент Эрдоган социалдык медиа тармагындагы эсебинен бөлүшүүсүндө Президенттик өкмөт системасына байланыштуу баа берүүсүн жасады.

678175
16-апрель Түркия үчүн тарыхый окуя болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 16-апрелдин күчтүү Түркия үчүн тарыхый окуя боло турганын айтты.

Президент Эрдоган социалдык медиа тармагындагы эсебинен бөлүшүүсүндө Президенттик өкмөт системасына байланыштуу баа берүүсүн жасады.

Президент Эрдоган, Түркиянын мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын ортосундагы талаштардан, ыйгарым укук баш аламандыгынан абдан көп зыян тартканын айтты.

Төңкөрүштөр, мемордандумдар алып келген саясий хаостор жана экономикалык кризистер өлкөгө  оор жүк жүктөгөнүнө көңүл бурган президент Эрдоган, өткөн мезгилдеги саясий талаштардын деле учурдагы системаны сындаш үчүн жетиштүү болгонун белгилеп кетти.

«Системанын пайдубал таштары орду ордуна коюлган, жоопкерчиликтүү жана күчтүү башкаруу түшүнүгүн курушубуз керек»,-деп айткан Президент, өлкөнү каратып туруп хаостордун, саясий тирешүүлөрдүн жана ыраатсыздыктын ичине таштай албай тургандарын да белгилеп өттү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган бөлүшүүсүн, «Макул добушу...Мен, 16-апрелдин күчтүү Түркия, лидер Түркия, өнүккөн Түркия үчүн тархый окуя боло турганына ишенүүдөмүн»,деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар