Түркия менен Алжир биргелешкен топ түзөт

Изилдөөчүлөр Осмон мамлекетине таандык архивдерден пайдаланат

675908
Түркия менен Алжир биргелешкен топ түзөт

Түркия менен Алжир Осмон мамлекетине таандык архивдерден пайдалануу үчүн биргелешкен топ түзөт.

Алжирдин расмий маалымат агенттиги APSде орун алган кабарга караганда Алжирдин улуттук архивинин башкы директору Абдулмежид Шейхи, Алжир менен Түркиядан айрым академик жана изилдөөчүлөр чогулуп Осмон дооруна таандык архивдик документтерден пайдалануу жана ушул доорго байланыштуу иш-чараларды жүргүзгөн изилдөөчүлөргө жеңилдиктерди түзүү үчүн биргелешкен топ түзүлөөрүн айтты.

Шейхи бул топтун чыныгы тарыхтын ачыкка чыгарылышы максатында түзүлө турганына көңүл бурду.

Шейхи буга чейинки билдирүүсүндө Франция тарбынан 1961-1962-жылдардагы колониялык мезгилде уурдалып кеткен Алжирдин архивдик документтеринин көпчүлүгүнүн кайда экендиги билинбегенин же Францияда белгисиз жертөлөлөргө коюлганын айткан эле.

Франция менен Алжир 2009-жылы архивдик докуметтердин Алжирге тапшырылышы боюнча кызматташтык келишимине кол коюшкан бирок документтердин көчүрмөсү гана тапшырылган.

Алжирде 1519-жылы башталган Осмон эгемендиги, Франциянын бул өлкөнү 1830-жылы басып алуусуна чейин уланган.



Тектеш кабарлар