Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Ирак операциясы
ПКК мүчөсү 11 террорист өлтүрүлдү
675940
![Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Ирак операциясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0616/b38f/7194/586aa4f292c07.jpg?time=1718826282)
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүнө абадан жүргүзгөн операциясында жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү 11 террорист өлтүрүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматка караганда түнкү сааттарда Зап аймагынан алынган чалгындоо кабарлары боюнча түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар операция баштады.
Бир үңкүрдүн киришинде террористтердин бар экендиги аныкталды. 17 минутага созулган аба кыймылында террористтерден 11 киши таасирисз абалга алып келинди.
Кечээ да Авашин - Басян жана Зап аймактарында ПККга таандык буталарга абадан жүргүзүлгөн операцияда 8 террорист таасирсиз абалга алып келинип, үңкүр, баш калкалоочу жерлерден турган 4 бута жардырылган.