Түркия Түштүк Кипрде Энозистин майрамдалышына каршы

ТКТРнын президенти Мустафа Акынжы жасаган жана Рум лидери Никос Анастасиадиске сөзү болгон токтомдун жоюлушу чакырыгы салынган билдирүүлөргө Түркиянын да кошулганы маалымдалды.

672617
Түркия Түштүк Кипрде Энозистин майрамдалышына каршы

Түркия, Түштүк Кипр рум башкаруучулугу парламентинин мектептерде «Энозистин майрамдалышы» чечимине каршылык көрсөттү.

Түркиянын Тышкы иштер министрилигинин жарыясында: «Рум лидеринин бул чечимди «тарыхый фактыга жөнөкөй шилтеме» деп мүнөздөөсүн жана муну 20-июль Кипр тынчтык кыймылы менен 15-ноябрь Түндүк Кипр Түрк Республикасынын курулган күнү менен бирдей көргөн бул көз караш, түшүнүксүз жана кабыл алынгыс»,делди.

Анда: «Рум тарабында үстөмдүк кылган жана Кипр түрктөрүн аралдын орток ээси катары карабаган бул аң-сезимде түптүү өзгөрүү болмоюнча Кипрде чечим табуу аракеттеринен жыйынтык алуу татаалдашат»,деген сөздөргө орун берилди.

Жарыяда ашкере улутчул/жикчил ELAM (Улуттук калк фронту) тарабынан сунушталган жана Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу парламентинин 10-февралда кабыл алган Кипрдин Грецияга кошулушун көздөгөн «1950-жылдагы Энозис референдумунун рум мектептеринде майрамдалышы» боюнча токтомго байланыштуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Парламенти тарабынан жекшемби күнү кабыл алынган орток декларациянын, Кипр Түрк тарабынын акылуу күтүү жана санааркоолорун чагылдырганы да белгиленди.

Анда ТКТРнын президенти Мустафа Акынжы жасаган жана Рум лидери Никос Анастасиадиске сөзү болгон токтомдун жоюлушу чакырыгы салынган билдирүүлөргө Түркиянын да кошулганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар