Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы уланып жатат

Операцияда 26 террорист жок кылынды.

671913
Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы уланып жатат

Сириянын түндүгүнүн террордук уюмдардан тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жетекчилигинде башталган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында террордук уюм ДЕАШка мүчө 26 террорист жок кылынды.

«Евфрат калканы» кыймылынын 175-күнүндө Түрк куралдуу күчтөрүнүн Эл Бабдагы операциясы уланды.

Кургактан 135, абадан болсо 43 бутага ок атылды.

Ушундайча террористтер тарабынан баш калкалоочу жай катары колдонулган 41 имарат, 1 бомбалуу унаа жана 1 көзөмөл жери талкаланды.



Тектеш кабарлар