Премьер-министр Йылдырым эки лидерди куттуктады
Ошондой эле Польшанын премьер-министрине да телеграмма жөнөтүп, анын тезирек сакайып кетишин каалады.
671949
Премьер-министр Бинали Йылдырым Германияда президент болуп шайланган Франк-Вальтер Штайнмайер менен Түркмөнстандын Президенттигине кайрадан шайланган Гурбангули Бердимухамедовду куттуктады.
Бинали Йылдырым Штайнмайер менен Бердимухамедовго телеграмма жөнөтүп, шайлоодогу жеңиштеринен улам куттуктады.
Премьер-министр Йылдырым айрыкча өткөн жуманын аягында жол кырсыгында жаракат алган Польшанын премьер-министри Беата Шидлого да телеграмма жөнөтүп, анын тезирек сакайып кетишин каалады.