Эрдоган Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум кайсы күнү өткөрүлөт?

669805
Эрдоган Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президент Режеп Тайип Эрдоган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөгөн сунушту бекитти.

Президенттиктин басма сөз кызматынан маалымдалгандай, президент Эрдоган «Түркия Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү үчүн референдумга алып чыгуу тууралуу» мыйзамды Премьер-министрликке жөнөттү.

Премьер-министр Бинали Йылдырым Түркияда 16-апрелде Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүлө турганын айтты.

Йылдырым Невшехирдеги билдирүүсүндө: «Президентибиз конституцияга өзгөтүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды бекитти, башкача айтканда референдумдун күнү да такталды. Буюрса 16-апрелде референдум өткөрүлөт. Парламенттен өтүп президентибиз кол койгон бул сунушка жарандарыбыз да макулдугун берет»,-деди.

Вице-премьер Нуман Куртулмуш да Афион шаарындагы билдирүүсүндө: «Урматтуу президентибиз конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзамын бекитиши менен бирге эми Жогорку шайлоо кеңешинин чечимин күтөбүз. Жогорку шайлоо кеңеши ыктымалдуу түрдө 16-апрель күнүн ылайыктуу деп таап, 60 күндүн ичинде элдик добуш берүү өткөрүлүшүнө байланыштуу чечимин алдыбыздагы күндөрдө жарыялайт»-деди.

Бул сунуш элдик добуш берүүдө да кабыл алынган учурда эл өкүлдөрүнүн саны 550дөн 600гө көбөйөт, эл өкүлү болуп шайлануу жашы 25тен 18ге түшөт.

Түркия Улуу Улуттук Жыйыны жана президенттик шайлоолор 5 жылда бир өткөрүлөт.

Президент болуп шайланган киши партиясы менен байланышын үзбөйт.



Тектеш кабарлар