Фикри Ышык Риядда мураскор ханзаада менен жолугушту

Түркиянын улуттук коргоо министри Риядга барды

668577
Фикри Ышык Риядда мураскор ханзаада менен жолугушту

Түркиянын улуттук коргоо министри Фикри Ышык Сауд Арабстандын коргоо министри мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман Бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу боюнча Риядга барды.

Фикри Ышык Риядда кызмат көрсөткөн түрк өнөр жай ишканасын кыдырды.

Ишканада иликтөөлөрдү жүргүзгөн Фикри Ышык андан соң Сауд Арабстандын коргоо министри мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман Бин Абдулазиз Аль Сауд менен жолугушту.

Жабык эшик артында өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар, террорго каршы кызматташуу сыяктуу темалар каралып, президент Режеп Тайип Эрдогандын келээрки жумада өткөрө турган сапарынын маанисине токтолушту.



Тектеш кабарлар