Америкалык командир Түркиянын Сириядагы ийгиликтерин айтып берди

Жон Дорриан, террор уюму ДЕАШтын Сириянын Эл Баб аймагында «абдан кыйын абалда» болгонун белгилеп: «Түркия жана Түркия колдогон күчтөр Эл Бабда ишене алгыс иштерди кылды»,-деди.

668475
Америкалык командир Түркиянын Сириядагы ийгиликтерин айтып берди

Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилигинде ДЕАШка каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын басма сөз катчысы, полковник Жон Дорриан, террор уюму ДЕАШтын Сириянын Эл Баб аймагында «абдан кыйын абалда» болгонун белгилеп: «Түркия жана Түркия колдогон күчтөр Эл Бабда ишене алгыс иштерди кылды»,-деди.

Жон Дорриан, террор уюму ДЕАШтын Эл Бабда абдан кыйын абалда болгонун, бирок шаарды кармап калууга аракет кылгандары үчүн көп сандаган террорист жана булактарын жогото турганын айтты.

Дорриан АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) видео конференция ыкмасы менен байланышып, Ирак жана Сирияда террор уюму ДЕАШка карай жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат берди.

Полковник Дорриан: «Түркия жана Түркия колдогон күчтөрдүн түндүктөн шаарга кириши, коалициянын абадан бомбалоосу жана режимдин түштүктөн жакындоосу менен душман Эл Бабда кыпчылган абалда»,-деп айтты.

Жон Дорриан: «Түркия, душманды Сириянын түндүгүндө изолияция кылыш үчүн ишенилгис иштерди кылды. Террористтердин Сирияга качуусуна жана Түркия чек арасын колдонуп тышка качуусуна толугу менен бөгөт коюшту»,-деди.



Тектеш кабарлар