Түркияда өтө турган шайлоо үчүн чет өлкөдө борборлор курулду

Германияда 3500000 түрк шайлоочусу жашайт.

667887
Түркияда өтө турган шайлоо үчүн чет өлкөдө борборлор курулду

Конституциялык өзгөртүү сунушунун элдик добушка салынышында түрк шайлоочулары Түркиядан тышкары 57 өлкөдө добуш бере алышат.

Жогорку шайлоо кеңеши 57 өлкөдө шайлоо борборлору түзүлүшү үчүн иштерин баштады.

Шайлоочулар Түркияга же чек ара капкасына келбестен жашаган өлкөлөрүндө курула турган үкөктөрдө добуш бере алышат.

Миллиондогон түрк шайлоочусу болгон Германияда да элдик добушка салуу толкундануусу бар.

Германияда 3500000 түрк шайлоочусу жашайт.

Элдик добуш берүүнүн 16-апрелде болгон учурунда Германияда 27-мартта добуш берүү процедуралары башталат.

Ушул алкакта Кельн шаарында чет өлкөдөгү шайлоо борбору курулду.

Бул борбордо Батыш Европа өлкөлөрү, АКШ жана Австралиядагы иштер тыкыс координацияланат. Стамбулда курулган экинчи борбордо болсо Жакынкы Чыгыш, Азия жана Африка өлкөлөрүндөгү иштер текшерилет.

Чет өлкөдөгү шайлоочулар эки жума бою каалаган Башкы консулдукка же шайлоо борборуна барып добуш бере алышат.



Тектеш кабарлар