Мехмет Шимшек Султан бин Саид Ал Мансури менен жолугушту
КЕК жыйындарынын кош төрагалыгын аткарган Шимшек менен Ал Мансури жыйындын жабылышы жана кол коюу аземинен мурда жолугушту
![Мехмет Шимшек Султан бин Саид Ал Мансури менен жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d9ad/fc12/fc22/589993887b49d.jpg?time=1718522560)
Вице - премьер Мехмет Шимшек Түркия – Бириккен Араб Эмирликтеринин аралаш экономикалык комиссиясынын 9 - мезгилдик жыйынынын негизинде Анкарага келген Бириккен Араб Эмирликтеринин экономика министри Султан бин Саид Ал Мансури менен жолугушту. 6 - жылдан кийин биринчи жолу өткөрүлгөн КЕК жыйындарынын кош төрагалыгын аткарган Шимшек менен Ал Мансури жыйындын жабылышы жана кол коюу аземинен мурда жолугушту.
Басма сөзгө жабык түрдө өткөн жолугушуудан кийин делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө өтүлдү. Жыйындарда өлкөлөрдүн арасындагы өнөр жай, энергетика, транспорт, жарандык авиация, менчиктештирүүлөр, коммуникация, кичи жана орто көлөмдөгү ишканалар, билим жана технология, экология, айыл – чарба жана туризм тууралуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралууда.