Орусиялык туристтердин Түркияга кызыгуусу

Айрым мейманканаларда 20-50 пайыздык арзандатуулар болуп жатат

663325
Орусиялык туристтердин Түркияга кызыгуусу

Орусиядагы туристтик агенттиктер, орус жарандарынан быйыл Түркияда эс алуу үчүн чоң талап болуп жатканын белгиледи.

Орусиянын Тур операторлору биримдигинин жетекчиси Майя Ломидзе: «Алдыбыздагы жай мезгилинде орусиялык туристтердин эң көп тандаган жерлери аныкталып, Түркиянын рекордго карай баратканын жана кризистен мурдагы көрсөткүчтөрдөн жогору болгонун айта аламын»,-деди.

Чоң талаптын саякат турларынын соодасы башталганда эле белгилүү болгонун сөз кылган Ломидзе, муну менен катар орус туристтердин Түркияга болгон кызыгуусу түрк отелчилердин орус туризм экономикасына сунуштаган арзандатууларынан улам артканын белгиледи.

Ошондой эле өткөн жылдын жай мезгилине салыштырмалуу айрым жерлерде 20-50 пайыздай арзандатуулар болуп жатканы билдирилди.

Тур операторлоруна караганда, учурда Түркия Орусиядан эрте резервациялардын 50 пайызын түзүүдө.



Тектеш кабарлар