Түркияда референдум үчүн күндөр санала баштайт

Бинали Йылдырым, элдик добуш берүү күнүн медиа өкүлдөрү менен жолуккан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы борборунда жарыялады.

664711
Түркияда референдум үчүн күндөр санала баштайт

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында кабыл аплынган Конститиуцияга өзгөртүү киргизүү мыйзамы Президенттикке жөнөтүлдү.

Эми элдик добуш үчүн күндөр санала баштады.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, элдик добуш берүү күнүн медиа өкүлдөрү менен жолуккан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы борборунда жарыялады.

9 же 16-апрель күндөрүнөн белги берген Йылдырым, элдик добушка салуунун май айына калбай турганын айтты.

Өкмөт башчы Грециянын  ФЕТӨнүн мүчөсү 8 төңкөрүшчүл аскерди Түркияга кайтарып бербегенине да токтолду.

Грециянын бул чечимин «көңүлдү калтыруучу» деп мүнөздөгөн өкмөт башчы Йылдырым, Грециянын премьер-министри Алексис Ципраска чыгарган чечиминин кайра каралып чыгышы үчүн кат жолдогондорун айтты.

Грециянын коргоо министри Панос Камменостун Кардак жарчалары орун алган аймакка тик учардан гүлчамбар таштоосу эске салынып, «Греция билип туруп чыңалууну күчөтүп жаткансыйт. Эки өлкөнүн карым-катнаштарында өнүгүүнү күтөлүбү?»-деген суроого Йылдырым, Грециянын Түркиянын коңшусу экенин, адамдын коңшусун тандай албай турганын белгилеп кетти.

Өкмөт башчы Йылдырым: «География тагдыр болуп саналат. Коңшубузду тандай албайбыз. Учурда колубузда турганга ыраазы болуубуз керек. Түркия, Греция менен карым-катнаштарын бузгудай эч бир жаңылыш мамиле кылбай эле. Убак-убагы менен каршы тараптан келген ашкере апыртууларга, бузууларга да жылмайып жооп берүүдөбүз. Муну жаңылыш түшүнбөөлөрү керек»,-деп айтты.

Премьер-министр Түркиянын АКШнын жаңы бийлигинен күтүүлөрүн да мындай баяндады: «БИРИНЧИСИ 15-ИЮЛЬ МЫКААЧЫЛЫК ТӨҢКӨРҮШ АРАКЕТИНИН БАШЧЫСЫ, ТЕРРОРИСТ КОРБАШЧЫСЫН КАЙТАРЫП БЕРҮҮЛӨРҮ. БУЛ ТЕМАДА ЭКИ ТАРАПТУУ УБАДАЛАРГА БАШ ИЙҮҮЛӨРҮ. ЭКИНИЧИСИ ЖАКҢЫНКЫ ЧЫГЫШТА ӨЗГӨЧӨ СИРИЯДА ДЕАШтын ЖОК КЫЛЫНЫШЫ ЖАНА КАЛГАН ТЕРРОР УЮМДАРЫ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ТЕМАСЫНДА ӨТКӨНДӨГҮ БАШКАРУУЧУЛАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫШТЫКТАРЫНЫН ОҢДОЛУШУ. ҮЧҮНЧҮСҮ БУЛ ТЕМАДА АКШ ТҮШҮНҮГҮ ТҮРК КООМЧУЛУГУНДА ТИЛЕККЕ КАРШЫ УЧУРДА ЖАКШЫ ДЕҢГЭЭЛДЕ ЭМЕС. КООМДУК ТҮШҮНҮК БУЛ ЭКИ ОКУЯДАН УЛАМ АКШга КАРАТА АБДАН АБРОЮН ЖОГОТТУ. ЖАҢЫ БИЙЛИК ТҮРКИЯДАГЫ АКШ ТҮШҮНҮГҮН ОҢДОО ЖАГЫНАН ДА АЙРЫМ ТАК КАДАМДАРДЫ ТАШТАШЫ КЕРЕК».



Тектеш кабарлар