Президент Эрдоган менен Германиянын канцлери Меркелдин жолугушуусу

Президент Эрдоган Меркелдин исламист террор сөзүнө каршы чыкты

664693
Президент Эрдоган менен Германиянын канцлери Меркелдин жолугушуусу

Президент Эрдоган расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Анкарага келген Германиянын канцлери Ангела Меркелди президенттик комплексинде кабыл алды. Режеп Таййип Эрдоган кабыл алуудан кийин өткөргөн орток пресс – жыйында Меркель колдонгон исламист террор деген сөзгө каршы чыгып : «Өзгөчө бир нерсеге басым жасоом керек. Элим булмаселени жаңылыш түшүнүшү мүмкүн. Бир исламист террордун эмне экендигин канцлерге түшүндүрдүм. Террордук уюм ДЕАШтан улам исламист террордук уюм деген сөздү колдоно турган болсок бул биз мусулмандар үчүн капалантуучу нерсе болот. Себеби ислам менен террор жанаша тура албайт. Исламдын мааниси тынчтык. Муну колдонбойлу.Себеби колдонулган сайын биз буга каршы турууга мажбурбуз, үнсүз кала турган болсокбул кабыл алынган болот. Мен мусулман бир президент катары муну эч качан кабыл албаймын.Азыркы учурда дүйнөдө террордук уюм ДЕАШка каршы бизден башка күрөшкөн экинчи өлкө жок. Биз бул күрөштү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,- деди.

Президент Германиянын Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -июлдагы козголоң кыймылына карата териштирүүнүн негизинде тапшыруу талабына карата мамилесин да сынга алды.

«Биз ошол эле учурда НАТОдо да бирдиктебиз, эки дос, союздаш өлкөбүз. Эртерээк чечим чыгарсак туура болот. ПКК эмне болсо ПЙД, ЙПГ менен Фетуллахчы террордук уюм да ошол»,- деди.

Германиянын канцлери Меркель да билдирүүсүндө козголоң кыймылынан кийин Түркияга биринчи жолу келгендигин белгилеп, террор менен күрөштө эки өлкөнүн жакын кызматташтык ичинде болушу керектигин айтты. Меркель Сирия жана Ирактагы абалдар тууралуу маселенин эл аралык деңгээлде жоопкерчиликти керек кылгандыгын айтып : «Эки тарап да маани берген Сирия жана Иракка токтолдук. Качкындар тууралуу эки тарап үчүн да маанилүү. Түркия качкындар үчүн аракет кылып жатат. Бул тууралуу Европа Биримдиги убада кылган финансылык жардамдын келиши керек»,- деди.

Германиянын канцлери 15 -июлда бомбаланган Түркия Парламентин кыдырып көрдү.



Тектеш кабарлар