Түркия-Израиль карым-катнаштары жаңы баскычта...

Түркия-Израиль тышкы иштер министрликтери деңгээлиндеги саясий кеңешүүлөрдүн 15-айлампасы кечээ Анкарада өткөрүлдү.

663707
Түркия-Израиль карым-катнаштары жаңы баскычта...

Түркия менен Израилдин ортосунда 2010-жылдан бери токтоп турган саясий кеңешүүлөрдүн алгачкысы Анкарада өткөрүлдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Түркия-Израиль тышкы иштер министрликтери деңгээлиндеги саясий кеңешүүлөрдүн 15-айлампасы кечээ Анкарада өткөрүлдү.

1987-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан саясий кеңешүүлөргө 6 жылдык тыныгуу берилгенден кийин кайра башталган болушу, эки өлкөнүн карым-катнаштарынын нормалдаштырылышы жагынан 2016-жылдын июнь айында жетишилген макулдашуунун табигый жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Кечээки кеңешүүлөрдө Түркия менен Израилдин ортосундагы күн тартипте турган темалар каралып чыгып, өзгөчө энергетика, экономика, маданият жана туризм тармактарында кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Саясий кеңешүүлөрдө айрыкча Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз баштап аймактагы абалдарга байланыштуу кеңири пикир алмашылды. Түркия-Израиль карым-катнаштарынын аймактын ырааттуулугу жана коопсуздугу жагынан мааниси боюнча макулдашылды.

Саясий кеңешүүлөрдүн башталышы менен нормалдашуу процессинде көп жактуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү багытында кадамдар ташталышы жана эки тараптуу сапарлардын арттырылышы максатталууда. Ушул алкакта маданият жана туризм министри Наби Авжы алдыбыздагы аптада Израилге барат.



Тектеш кабарлар