Түркиянын калкынын саны өсүүдө
2016-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы жарыяланды
662260
![Түркиянын калкынын саны өсүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/06e5/3b9d/630b/58903a4dc4014.jpg?time=1718855031)
Түркиянын калкынын саны 79 миллион 814 миң 871 киши болду.
Түркиянын статистика мекемеси 2016-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгын жарыялады.
Буга ылайык 2015-жылдан тарта 78 миллион 741 миң 53 киши болгон өлкөнүн калкынын саны 1 миллион 73 миң 818 киши көбөйдү.
Эркектердин саны 50,2 пайыз (40 миллион 43 миң 650 киши), аялдардын саны болсо 49,8 пайыз (39 миллион 771 миң 221 киши) болду.
Област жана райондордун борборлорунда жашагандардын саны 2015-жылы 92,1 пайыз болсо, бул көрсөткүч 2016-жылы 92,3 пайызды түздү.
Айыл-кыштактарда жарашандардын көрсөткүчү болсо 7,7 пайыз болду.