Түркия Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүн окуткан
Түркия дүйнө жүзүнүн полицияларына билим берүүдө...
![Түркия Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүн окуткан](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/22ca/5b9a/c51c/588dc2c48f3b8.jpg?time=1718935659)
Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) менен Коопсуздук башкы директорлугунун кызматташуусунда акыркы 9 жылда 30 өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн заманбапташтырылышы максаты менен коопсуздук күчтөрүнө карай билим берүү программалары уюштурулду.
Албаниядан Кыргызстанга чейин, Монголиядан Палестинага чейин орто эсеп менен 7 миң полицияга, террор менен күрөшүү, радикалдашуу процесси жана алдын алуу ыкмалары, полициянын лидерлиги, коомдук окуяларда сүйлөшүү, саммиттердин коопсуздугу менен баңги заттарды издөө ыкмалары сыяктуу темаларда билим берилди.
Ушул алкакта алгачкы билим берүүлөрдө 2007-2008 мезгилинде пилот өлкө катары тандалган Албания жана Кыргызстандын полициялык күчүнө билим берилиши менен башталды.
Бул иш-чара 2008-2009 мезгилинде Казакстан, Түркмөнстан, Монголия жана Палестина, 2010-жылы Босния-Герцеговина, 2011-жылы Азербайжан жана Өзбекстан, 2012-жылы Македония жана Тунис, 2013-жылы Черногория, Малдив аралдары, Түштүк Судан жана Ливия, 2014-жылы Молдова жана 2016-жылы Румыния кошулуп кеңейтилди.
Түркия, билим берүүлөр менен катар Албания жана Черногориянын полициялык күчүнүнүн формалары сыяктуу ар түрдүү муктаждыктарын да камсыздады.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718935659)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.