Газага "Lady Leyla" аттуу кеме менен алып барылган кийимдер таркатылды

"Lady Leyla" 3 -  июлда  Израилдин Ашдод портуна якорь таштаган

661552
Газага "Lady Leyla" аттуу кеме менен алып барылган кийимдер таркатылды

Түркиядан "Lady Leyla" аттуу кеме менен жиберилген кийимдер Газада муктаж болгон үй  - бүлөлөргө жеткирилди. Түркия менен Израилдин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде "Lady Leyla" жана "Eclips" аттуу кемелердин жардамы менен жиберилген кийимдер Газа тилкесинде таркатылды.  Газадагы социалдык иштер министрлигинен Мекке жардам коомунун борборуна Түркия бир канча ай мурда жиберилген кийимдер, муктаж болгон 40 үй  - бүлөгө жеткирилди. Газалык үй – бүлөлөр дүкөн системасы менен кийимдердин арасынан өздөрүнө ылайык болгондорду тандап алышат.

Социалдык иштер министрлигинин кеңешчиси Юсуф Ибрахим : «Ушул кезге чейин Түркиянын жиберген жардамдарынан пайдаланган палестиналык үй – бүлөлөрдүн саны 200 миңге жетти»,- деди.

Түркиянын азык – түлүк, оюнчак жана кээ бир муктаждыктарды камтыган жардам материалдарын жибергендигин белгилеген Ибрахим жардам кемелери менен жиберилген оюнчактардан ушул кезге чейин аймактагы 680  бала бакчанын колдонгондугун билдиди.

«Жакшылык кемеси Газа жолунда» деген ураан менен Мерсинден жолго чыккан "Lady Leyla" 3 -  июлда  Израилдин Ашдод портуна якорь таштаган. Кемеде күрүч, шекер, ун сыяктуу азык заттар менен кийим, бут кийим жана балдар үчүн оюнчуктардан турган 11 миң тоннага жакын жардам материалы орун алган.

 



Тектеш кабарлар