Түркия менен Англия үчүн Сирия менен Ирактын мааниси

Президент Эрдоган расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Анкарага келген Англиянын премьер-министри Тереза Мэйди Президенттик комплексинде кабыл алды.

661296
Түркия менен Англия үчүн Сирия менен Ирактын мааниси

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия жана Ирак темасынын Түркия жана Англиянын ортосунда чоң мааниси бар экенин айтты.

Президент Эрдоган расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Анкарага келген Англиянын премьер-министри Тереза Мэйди Президенттик комплексинде кабыл алды.

Президент Эрдоган конок премьер-министр менен жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Англия менен Түркиянын ортосундагы 15 миллиард доллардык соода көлөмүнө көңүл бурган президент Эрдоган: «15 миллиардга жеткен соода көлөмүбүздү алгачкы баскычта 20 миллиард долларга жеткирүүнү максаттап жатабыз. Стратегиялык өнөктөштүк темасында таштаган кадамдын эки өлкөнүн ортосунда кечикпестен уланышына, керек болсо министрлер, керек болсо премьер-министрлер деңгээлинде аткарыла турганы боюнча макулдаштык»,-деди.

Англиянын премьер-министри  Мэй менен Кипр, Сирия, Ирак жана Астана процессин карагандарын белгилеген президент Эрдоган: «Аймактагы Сирия жана Ирак темасынын Түркия менен Англиянын ортосунда чоң мааниси бар. Коалициялык күчтөр менен Түркиянын кызматтыштыгын мындан кийинки баскычта абдан башкача концептке отургузалы дейбиз. Бул теманы өз арабызда сүйлөштүк»,-деп айтты.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй да, президент Эрдоган менен Кипр, Сирия соода жана коргоо тармактарында кызматташтык темаларын карагандарын белгилеп кетти.

Түркиянын 15-июлда демократиясын коргоп калганын белгилеген Англиянын премьер-министри Мэй: «Карым-катнаштарыбызды дагы алдыга жылдыруу эки өлкөнүн пайдасына болот»,-деди.

Жолугушууда Кипр темасынын да күн тартипке келгенин айткан Англиянын премьер-министри Мэй, Кипрде сүйлөшүү процессине чоң маани бергендерин белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар