Конституцияга өзгөртүү киргизүү режим эмес, системаны алмаштыруу маселеси...

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш Министрлер Кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

657455
Конституцияга өзгөртүү киргизүү режим эмес, системаны алмаштыруу маселеси...

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Конституцияга өзгөртүү киргизүү пакетинин режимди алмаштыруу эмес, системаны алмаштыруу маселеси болгонун айтты.

Министрлер Кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берген Куртулмуш, Түркия Республикасынын эгемендигин кандай колдоно турганы жөнүндө кандайдыр бир талкуусунун болбогонун айтты.

Куртулмуш, Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушунун Түркияда дагы таасирдүү аткаруу бутагынын механизминин корголушу үчүн президенттик системанын алып келген сунушу экенин жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынында ушундай түрдө мыйзамдашканын баса белгиледи.

Нуман Куртулмуш АКШнын президенти Дональд Трамп бийлигине да кайрылып, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысын Түркияга кайтарып берүү чакырыгын салды.

Куртулмуш: «15-июльдагы ийгиликсиз төңкөрүш аракетинде бул калктын бардыгына каршы кылмыш кылган банда тобунун АКШдан Түркияга кайтарлышы жана бул процесстин ичинде өз уюму менен кабарлашуусунун токтотулушу жана бул желенин колдонулушунун алдын алуу Вашингтондун жаңы башкаруучулугунан эң башкы талаптарыбыздан бири болуп саналат»,-деп айтты.

АКШнын Обама мезгилинде террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДга көрсөткөн колдоосуна да токтолгон Куртулмуш, жаңы башкаруудан ПЙДга берилген колдоолордун соңуна чыгарылышын талап кылды.

Куртулмуш: «Түркия, АКШдан ПКК менен байланышкан түрдө Түркияга каршы да террор кыймылдарын жүргүзгөн бул уюмга мындан аары колдоо көрсөтпөөсүн, булардын артында туруусунан баш тартуусун көшөрүп талап кылат. Бул темада да жыйынтыкка жетише турганын үмүт кылат»,-деп айтты.

Астанада башталган Сирия тууралуу сүйлөшүүлөргө да токтолгон Куртулмуш, Түркиянын каалаганынын Сирияда адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын платформасынын даярдалышы экенин айтты.

Сирияда туруктуу тынчтыкты камсыздоо, бардык эл аралык жамааттын милдети экенин белгилеген Куртулмуш, Түркиянын Сирияда тынчтыктын камсыздалуу процесисинде милдетин аткарганын, мындан ары да жоопкерчиликтерин аткарууга аракет кылаарын айтты.

Куртулмуш: «6 жылдан кийин алгач ирет согушкан тараптар бир үстөлдүн айланасында чогулууда. Ыктымалдуу түрдө эң башында абдан терс болгон көз караштар, сүйлөшүүлөр улантылган сайын темалар белгилүү бир жерге жетип, макулдашуучу жерге жетет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар