Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын борбор шаары Вашингтондо

Мевлют Чавушоглу Дональд Трамптын ант берүү аземине катышат

654655
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын борбор шаары Вашингтондо

 

Мевлют Чавушоглу эртең жума күнү АКШнын 45 -  президенти Дональд Трамптын ант берүү аземине Түркиянын атынан катышат.

Аземден мурда кабинеттен жогорку мартабалуу  ысымдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн тышкы иштер министри Чавушоглу  АКШ улуттук коопсуздук кеңешчиси кызматына келген генерал Майкл Флинн менен жолугушту. Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу сүйлөшүүдө Түркиянын террор менен күрөшүү боюнча талаптарын дагы бир жолу билдирди.

Мевлют Чавушоглу өзгөчө террордук уюм менен күрөшүүдө Түркиянын союздаш өлкөлөрдөн колдоо жана кызматташтык күтүшкөндөрүн айтты. Чавушоглу андан кийин Трамп кабинетинен жооптуу ысымдар менен жолугушту.

Дипломатиялык булактар тышкы иштер министри Чавушоглунун жаңы мезгил үчүн Трамп кабинетине Түркиянын талаптарын билдиргендигин, пикир алышууларда болушкандарын белгиледи. Чавушоглу 12 -  январда «Вашингтон Пост» гезитине жазган макалада Америка башкаруусунун ушул кезге чейин ишке ашырган саясаттары менен түрк улутунун көңүлүн калтыргандыгын белгилеген.



Тектеш кабарлар