Чешмедеги деңиз кайнар булактарына туристтердин кызыгуусу
Кайнар булактар кыш айларында да туристтерге кызмат көрсөтүүдө.
![Чешмедеги деңиз кайнар булактарына туристтердин кызыгуусу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9674/3c96/d090/58777b7c90d37.jpg?time=1718941434)
Жайкы эс алуунун баш тартылгыс жерлеринен Измирдин Чешме району дүйнөдө сейрек кездешкен деңиз кайнар булактары менен кыш айларында да туристтердин кызыгуусун тартууда.
Рим жана Осмон мезгилдеринде арашан суулары менен термалдык дарылоо борбору катары билинген, учурда болсо күн, деңиз, куму менен алдыга чыккан Чешме термалдык туризмдеги потенсиалын өнүктүрүүдө.
Аймакта 7 мейманканада колдонулган термалдык булактар, эс алуу менен катар дарылануу жана реабилитация максатында Түркияны тандаган туристтерге кызмат көрсөтүүдө.
Деңиз кайнар булагынын башка арашан суулардан айырмасы бар экени, деңиз суусу магмага түшүп ысыгандан кийин жер жүзүнө чыгышы менен бул арашандын пайда болгону белгиленди.
Деңиз суусу жана магмадан алынган минералдарды камтыган суунун башкача өзгөчөлүктөргө ээ экени, деңиз арашанынын өзгөчө булчуң жана скелет системасынын ооруларын, ревматизм ооруларын жана тери ооруларын дарылоодо таасирдүү экени билдирилди.
Мейманканаларда көбүнчө Германия, Нидерландия жана Европа өлкөлөрүнөн келгендер коноктолуп жатса, жергиликтүү туристтердин да кызыгуусун тартууда.
Туристтер жайы-кышы дебестан бул жерге келип үстү ачык жана жабык бассейндерге түшүп кетишет.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718941435)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.