Түрк аскерлери Башикада болууну улантат

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык ирактык жетекчилер менен Башика лагери маселесинин кайрадан сүйлөшүлөрүн айтты

649101
Түрк аскерлери Башикада болууну улантат

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык түрк аскеринин Ирактын Мусул шаарын ДЕАШтан тазаланганга чейин бул жердеги Башика лагеринде болорун кайталап : «Аймакты ДЕАШтан тазалагандан кийин Түркия жана Ирак Башика лагери тууралуу сүйлөшөт»,- деди.

Фикри Ышык Кырыккаледе журналисттердин суроолоруна жооп берди.  Ирактык жетекчилердин : «Түрк аскери Башикадан чегинет» ,- деп айткандарын суроосу боюнча Фикри Ышык : «Мусулдун ДЕАШтан тазаланышы Иракта болгондой эле Түркия үчүн да маанилүү. Азыркы учурда террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 700 террорист өлтүрүлдү»,- деди.

Министр Ышык бардык аймак террордук элементтерден тазалангандан кийин ирактык жетекчилер менен Башика лагери маселесинин кайрадан сүйлөшүлөрүн да айтты. Жуманын акырында Иракка сапар менен барган Бинали Йылдырым да түрк аскерлеринин Башикада  болууну улантарын билдирген.



Тектеш кабарлар