Түркиянын эки алдыңкы күтүүсү бар

Чавушоглу Элчилер конференциясында сөз сүйлөдү

647425
Түркиянын эки алдыңкы күтүүсү бар

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Вашингтон башкаруучулугунун жаңы мезгилде мурдагыдай айрым жаңылыштыктарын улантпай турганына ишенгендерин айтты.

Чавушоглу: «Эки алдыңкы күтүүбүз бар. Биринчиси Феталлахчы террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысынын жана берки жетекчилеринин тез арада өлкөбүзгө тапшырылышы. Экинчиси болсо жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙРГ менен болгон кызматташуусунун соңуна чыгарылышы»,- деди.

9-Элчилер конференциясынын ачылышында сөз сүйлөгөн Чавушоглу: «АКШнын мурдагы мезгилде кылган айрым жаңылыштыктарын улантпай турганына ишенебиз. Эки алдыңкы күтүүбүз бар. Биринчиси ФЕТӨнүн корбашчысынын жана берки жетекчилеринин тез арада өлкөбүзгө тапшырылышы. Экинчиси да ПККнын уландысы болгон ЙПГ менен кызматташуусунун токтотулушу»,- деди.

Министр Чавушоглу: «ПККнын Иракта көптөгөн жылдардан бери басып алган жерлерин кеңейтишине жана Кандил сыяктуу жаңы аянтка ээ болушуна уруксат бербей турганыбызды дагы бир жолу баса белгилей кетейин»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар