Стамбул кол салуусунун аткаруучусу уйгур болуп чыкты

Вице – премьер Вейси Кайнак : «Террористин ким экендиги коопсуздук күчтөр тарабынан  белгиленди»

644953
Стамбул кол салуусунун аткаруучусу уйгур болуп чыкты

Вице – премьер Вейси Кайнак Стамбулда түнкү клубда жаңы жыл түнүндө 39 кишинин өлүмүнө себеп болгон террористтин уйгур экендигин белгилеп : «Террористтин ким экендиги коопсуздук күчтөр тарабынан  белгиленди»,- деди.

Вице – премьер Вейси Кайнак менчик телекөрсөтүү каналында берилген суроолорго жооп берди. Кайнак кол салуучунун атайын машыктырылган террорист экендигин айтты.

Кол салуунун 2 террорист тарабынан жасалышы мүмкүн экендигине байланыштуу суроого жооп берген Вейси Кайнак : «Бул ыктымалдардын баары иликтенүүдө. Бирок кыймылды бир гана кишинин аткаргандыгы көрүнүүдө. Бир куралдан атылган октор менен бул кыргын жасалды»,- деди. Вейси Кайнак : «Заманбап Түркияны билген жана жаңы жылга Түркияда кирүүнү каалаган чет элдик туристтерибиз да  тилекке каршы каза тапты. Кол салуу баарыбызды терең кайгыга салды», деди.

Вице – премьер террористтин өлкө тышына качуу ыктымалына каршы чаралардын күчтөндүрүлгөндүгүн да белгиледи.



Тектеш кабарлар