Фикри Ышык коалиция күчтөрү Ел Баб операциясына абадан жардам бербегендиги тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Инжирлик базасын териштиргендигин айтты

644222
Фикри Ышык коалиция күчтөрү Ел Баб операциясына абадан жардам бербегендиги тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык коалиция учактарынын Сириянын Ел Баб аймагында жүргүзүлүп жаткан операцияга жардам бербешинин Инжирлик базасына жайгашуусунун териштире турган абалга алып келгендигин айтты.

Ышык Түркия Улуттук Парламентинде журналисттерге АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн Ел Баб операциясына абадан жардам бербегендиги тууралуу маалымат берди.

Улуттук коргоо министри Инжирлик базасындагы коалиция учактарынын абадан кыймылына колдоо бербешинин айынан Инжирлик базасын териштиргендигин айтты. Министр Ышык : «АКШ башта болуу менен коалиция күчтөрү Түркиянын Евфрат калканы кыймылында муктаж болгон абадан  жардам жана башка жардамдарды берет деген ойдобуз. Мындан кийин керек болгон кадам көп кеч калбастан ташталар. Өзгөчө НАТОдо көптөгөн жылдар бирдикте болгон өлкөлөрдүн ДЕАШ менен күрөшүү үчүн коалиция түзгөн өлкөлөрдүн ДЕАШка каршы күрөштө абдан орчундуу орду болгон Ел Бабга каршы түрк куралдуу күчтөрү жардам берген Эркин Сирия Армиясы баштаган бул операцияга жардам бербеши чындыгында ойлондуруучу»,- деди.



Тектеш кабарлар