Түркиядан башкалары террор менен күрөшүүдө куру сөз гана айтууда

Өкмөт башчысы Йылдырым, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы кезектеги жумалык фракция жыйналышында сөз сүйлөдү.

643296
Түркиядан башкалары террор менен күрөшүүдө куру сөз гана айтууда

Премьер-министр Бинали Йылдырым Түркиянын террор уюму ДЕАШ менен өзү жалгыз күрөшүүсүн улантканын баса белгилеп, «Башкалар куру сөздөн башка эч нерсе кылган жери жок»,-деди.

Өкмөт башчы Йылдырым, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы кезектеги жумалык фракция жыйналышында сөз сүйлөдү.

Йылдырым, Түркиянын 911 км чек арасы болгон Сирияда 6 жылдан бери уланган жарандык согуштун себебинен абдан олуттуу түрдө тынчсызданганын баса белгилеп, ушул себептен башталган «Евфрат калканы» кыймылынын 133-күнүнө киргенин эске салды.

Операцияда ушул убакка дейре ДЕАШтын мүчөсү 270 террористтин жок кылынганын, бул сандын колго түшкөндөр менен кошкондо 1561 болгонун баса белгилеген Өкмөт башчысы, Вашингтон башкаруучулугун болсо бул күрөшкө салым кошпогондугу менен сындады.

Өкмөт башчы: «Бул темада Американын да куру сөздөн башка эч нерсе кылганы жок. Кылгандары террор уюму ЙПГ/ПЙДга курал берүү. Биз бул жерде Американын жаңы башкаруучулугун жоопкерчиликтүү көрбөйбүз. Бул, Обама бийлигинин колунан келгендери. Мафияны колдонуп мафияны кыйратуу сыяктуу бир нерсе. Ушунай мамлекет түшүнүгү болобу?»,-деп айтты.

Түркиянын көп жылдардан бери АКШ менен НАТОнун алкагында чогуу экендиктерин айткан Бинали Йылдырым, бир топ тармакта стратегиялык өнөктөштүктөрү бар экендигин белгилеп кетти.

Премьер-министр: «Бул өнөктөштүктөргө бир террор уюму тарабынан көлөкө түшүрүлүшүнө АКШ уруксат бербеши керек. (15-июль төңкөрүш аракетинин пландоочусу Фетуллахчы террор уюму) ФЕТӨ ал жерде, жикчил террор уюму ПККнын уландылары келип жаңына жанашыптыр. Эмне кылып жатасың тууганым? Чечим чыгаргын. Түркия менен бирге болосуңбу же ошол мыкаачы террор уюмдарына кучак жаясыңарбы? ПЙД барабар ПКК, булардын эми билинишин каалайбыз. Түркия Республикасы муну жаңы АКШ бийлигинен күтүп жатат»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар