Эрдоган менен Тачи террор тууралуу сүйлөштү

Эрдоган Тачи менен пресс – жыйында башта Орусиянын президенти Путин болуу менен ок атышпоо процессине колдоо берген баарына рахмат айтты

640782
Эрдоган менен Тачи террор тууралуу сүйлөштү
haşim taçi türkiye.jpg

Президент Эрдоган жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келген Косованын президенти Хашим Тачи менен  өткөргөн пресс – жыйында башта Орусиянын президенти Путин болуу менен ок атышпоо процессине колдоо берген баарына рахмат айтты.

Эрдоган Түркиянын Сириянын жана аймактын тынчтыгы, бейкуттугу, ырааттуулугу үчүн колунан келген бардык аракетти көрсөтүүнү улантарын билдирди.

Куралдуу кол салууларды токтотууга убада берген тараптардын текшерүүсү астындагы аймактарды кеңейтпей тургандыгын белгилеген Эрдоган : «БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан террордук уюм катары кабыл алынган топтор албетте ок атышууларды токтотуунун тышында. Түркия жарандарынын коопсуздугун толугу менен гарантия астына алганга чейин ДЕАШ башта болуу менен күрөшүн чечкиндүүлүк менен улантат»,- деди.

Президент Эрдоган ФЕТӨ, ПКК, ЙПГ, DHKP-C жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын бири биринен айырмасынын жок экендигин жана муну менен бирге күрөштү өлкө ичинде жана өлкө тышында  чечкиндүүлүк менен улантышкандарын  белгиледи.

Косованын президенти Хашим Тачи да : «Күч колдонуу эч качан элдин эркинин ордуна өтө албайт. Түркияда террорист ким болсо Косова үчүн да ал террорист»,- деди. Косованын террорго каршы курулган коалициянын бир бөлүгү экендигин эске салган Тачи : «Бул күрөштү бирдикте  жүргүзө турган болсок биз жеңебиз. Себеби террордун дини, ыйманы, улуту болбойт»,- деди.



Тектеш кабарлар