8 аскер дарылануу үчүн Түркияга алып келинди
Килисте дарыланып жаткан аскерлердин абалынын оор эмес экендиги маалымдалды
640872
![8 аскер дарылануу үчүн Түркияга алып келинди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b1a3/15cd/ec9a/5865e0de50427.jpg?time=1718864196)
Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга карата жүргүзүлүп жаткан Евфрат калканы кыймылында жараланган 8 аскер дарылануу үчүн Түркияга алып келинди.
Евфрат калканы кыймылында жараланган 7 аскер 112 тез жардам менен чек арадан алынып Килис мамлекеттик ооруканасына жаткырылды. Ошол эле учурда абалы оор болгон бир аскердин берилген биринчи жардамдан кийин Газиантепке алып барылгандыгы билдирилди. Килисте дарыланып жаткан аскерлердин абалынын оор эмес экендиги маалымдалды.