Путин жылдык басма сөз жыйынында Түркия тууралуу маанилүү маалыматтарды берди
В. Путин Анкара элчиси Андрей Карлов каза болгон кол салуунун Түркия менен карым – катнаштарга зыянын тийгизе албай тургандыгын кайталады
Орусиянын президенти В. Путин өткөн жылы орус учагын атып түшүргөндөрдүн максатынын Түркия менен карым – катнаштарды бузуу экендиги боюнча пикирге ишене баштагандыгын айтты. В. Путин Анкара элчиси Андрей Карлов каза болгон кол салуунун Түркия менен карым – катнаштарга зыянын тийгизе албай тургандыгын кайталады.
Путин жылдык басма сөз жыйынында Түркия тууралуу маанилүү маалыматтарды берди.
Орус лидер дүйшөмбү күнү кечинде Карловго карата кол салуу менен түрк – орус карым – катнаштарынын бутага алынгандыгын белгилеп : «Бул кол салуу Түркия менен карым – катнаштарга тескери таасирин тийгизбейт. Түркия менен карым – катнаштарды өнүктүрүү үчүн дагы көп аракет кылышыбыз керек. Карым – катнаштарыбыз үзгүлтүккө учурагандан кийин дагы да өнүктүрүү үчүн орток негизди таба алдык»,- деди.
Путин : «2015 - жылы 24 - ноябрда орус учагынын атып түшүрүлүшүнөн кийин бул буйрукту бергендердин максатынын Орусия – Түркия карым – катнаштарын бузуу экендигине байланыштуу маалыматтарга шектенүү менен карачумун. Бирок эми буга ишене баштадым. Орус учагын атып түшүрүү буйругунун артында түрк лидерлиги турат деген пикирим өзгөрө баштады»,- деди.