Куралдуу кол салуунун артында ФЕТӨ турат

Москвага барган Түркиянын тышкы иштер министри АКШнын мамлекеттик катчысы менен сүйлөштү

634854
Куралдуу кол салуунун артында ФЕТӨ турат

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Орусиянын Түркиядагы элчисине болгон куралдуу кол салуунун артында Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) турганын айтты.

Орусиядагы жолугушууларын улантып жаткан Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Анда Керри орус элчиси Андрей Карловдун кол салуудан каза болушуна катуу капа болгондорун белгиледи.

Тышкы иштер министр Чавушоглу да Түркиянын жана Орусиянын бул окуянын артында Фетуллахчы террор уюмунун тургандыгын билгендерин белгиледи жана кол салгыч туурасында маалымат берди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүдө айрыкча Москвада өткөрүлгөн Сирия темалуу үч тараптуу жыйын да күн тартипке коюлду.

Чавушоглу жыйындын аягында жарыяланган биргелешкен билдирүүнүн каралып чыккан негизги жагдайларды чагылдырганын сөз кылды.

Мевлүт Чавушоглу Керринин суроосу боюнча Кипр сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу акыркы абал тууралуу да маалымат берди.



Тектеш кабарлар