Премьер - министр орус элчисине жасалган кол салууну айыптады

Бинали Йылдырым Андрей Карловго жасалган кол салуунун жөн гана дал келүү эмес экендигин айтты

633957
Премьер - министр орус элчисине жасалган кол салууну айыптады

Премьер – министр Бинали Йылдырым Орусия менен Түркиянын ортосундагы карым – катнаштар өнүгүп жаткандан орус элчиси Андрей Карловго жасалган кол салуунун жөн гана дал келүү эмес экендигин айтты.

Премьер – министр Йылдырым кечээ кечки сааттарда болгон кол салуудан кийин Орусиянын премьер – министри Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө бул окуянын эки өлкөнүн карым – катнаштарына тескери таасир бербей тургандыгы боюнча бирдей пикирге барылды.

Премьер – министр Бинали Йылдырым орус кесиптеши менен өткөргөн сүйлөшүүдө түрк калкынын  көңүл айтуусун билдирип жана кайгыларын бөлүшкөндөрүн айтты. Йылдырым Германиядагы фураларга болгон кол салууга да токтолуп глобалдык коркунуч болгон террорго каршы биргелеше күрөшүүнүн шарт экендигин белгиледи. Премьер – министр : «Кааласа Европа, кааласа Азия, кааласа Жакынкы Чыгыш, Орусия болсун эч бир аймак террордон коопсуз эмес. Сөзсүз түрдө террорго каршы орток күрөш, глобалдык кызматташтык жана аймактык кызматташтык түзүлүшү керек»,- деди.



Тектеш кабарлар