Кайсеридеги кол салууну кылган кылмышкер аныкталды
14 аскер шейит болгон, арасында жарандар да болгон 55 киши жаракат алган Кайсеридеги кечээки террордук кол салуу боюнча кеңири масштабдуу териштирүү жүрүп жатат.
![Кайсеридеги кол салууну кылган кылмышкер аныкталды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5d88/8c81/f85b/58560edf9ad07.jpg?time=1718917614)
14 аскер шейит болгон, арасында жарандар да болгон 55 киши жаракат алган Кайсеридеги кечээки террордук кол салуу боюнча жүргүзүлгөн териштирүүнүн алкагында кармалган шектүүлөрдүн саны 15ке жетти. Жанкечтинин да өздүгү аныкталды.
Териштирүүнү жүргүзгөн Кайсери Республикалык жогорку прокурорунун милдетин аткаруучу Мустафа Арслантүрк, базарга баруу уруксатын алган аскерлер түшүп бараткан коомдук автобуска карай жарылуучу заттар жүктөлгөн унаа менен террордук кол салуу болгондон кийин башталган териштирүү уланганын билдирди.
Териштирүү кеңири масштабдуу түрдө уланганын белгилеген Арслантүрк, биринчи баскычта окуяга байланыштуу 7 шектүүнүн кармалганын, андан кийин бул сандын 15ке жеткенин белгилеп өттү.
Окуядан кийин Кайсери Республикалык жогорку прокурорлугу, териштирүүгө байланыштуу Жогорку прокурордун милдетин аткаруучу Мустафа Арслантүрктүн карамагында 8 прокурорду милдеттендирген.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718917615)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.