Кайсеридеги кол салууну 6 прокуор териштирет

Кайсери шаарында эртең менен бомбалуу унаа менен аскерлерди бутага алган террордук кол салууда 13 аскер шейит болду.

632486
Кайсеридеги кол салууну 6 прокуор териштирет

Кайсеридеги мыкаачылык кол салуунун кылмышкерлеринин өздүктөрү такталды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу окуга байланыштуу 7 киши кармалганын, 5 кишинин болсо изделип жатканын жарыялады.

Шаарда эртең менен жуманын акырында эс алууга чыккан аскерлерди ташыган автобуска бомбалуу унаа менен кол салуу болуп 13 аскер шейит болгон. Мыкаачылык кол салууда арасында жарандар да болгон 56 киши жараланды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу окуя болгон жерге барып Кайсериде мыкаачылык кол салуудан жаракат алган 12 аскер реанимацияда экендигин, алардан алтоонун абалы оор экенин жана бардыгы 56 киши жаракат алганын маалымады.

Вице – премьер Вейси Кайнак кол салуунун шаардагы  1 -  десанттык бригадасында кызмат өтөгөн жана жуманын акырында эс алууга чыккан аскерлерди ташыган автобусту бутага алгандыгын айтты.

Кол салууну териштириш үчүн 6 Республикалык прокурор милдеттендирилди.



Тектеш кабарлар