Кайсериде террордук кол салуу болду

13 аскер шейит болуп, 48 аскер жараланды

632368
Кайсериде террордук кол салуу болду

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан берилген маалыматта эрте мененки сааттарда бомбалуу унаа менен жасалган террордук кол салууда 13 аскердин шейит болгондугу, 48 аскердин да жаралангандыгы билдирилди.

Вице – премьер Вейси Кайнак кол салуунун шаардагы  1 -  десанттык бригадасында кызмат кылган жана жуманын акырында эс алууга чыккан аскерлерди ташыган автобусту бутага алгандыгын айтты.

Өкмөт жетекчилерин  аракетке өткөргөн окуя боюнча ички иштер министри Сүлейман Сойлу Кайсериге барат.

 



Тектеш кабарлар