Оппозициячылдар Сирия режими менен жолугушса жакшы болот

Чавушоглу Халеб шаарындагы эвакуация иштери тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

632072
Оппозициячылдар Сирия режими менен жолугушса жакшы болот

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сирияда саясий өткөөл мезгилине шашылыш мутаждык бар экенин белгилеп: «Сирия режими менен биздин жолугушуубуз болбойт. Бирок оппозициячылдардын муну кылышында пайда бар»,-деди.

Чавушоглу Халеб шаарындагы эвакуация иштери тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Кечээ эртең мененден бери 7500 кишинин шаардан чыгарылганынын маалыматын берген Чавушоглу, аял, бала жана улгайгандар эң биринчи Түркияга алынганын маалымдады.

Халебде ок атпоонун бузулганы боюнча өзү орус жана ирандык кесиптештери менен, президент Режеп Таййип Эрдогандын да Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланышып сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн эске салган Чавушоглу: «Орустар менен оппозициячылдарды жолугуштурууга аракет кылдык. Айрым макулдашуулар камсыздалды, айрымдары болсо ишке ашпай калды. Сүйлөшүүлөр уланып жатканда Халебде абал жалаң жаман жакка ооп жатты. Макулдашуунун ишке ашырылышы да абдан маанилүү»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу Халебден эвакуация кылынгандарга гуманитардык жардамдардын тез арада жеткирилиши үчүн сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгилеп, «Эч ким жардам бербесе да Түркия Республикасы катары кантип 3 миллион адамга кучак жайган болсок, халебдик туугандарыбызга да жардамды жеткиребиз. Даярдыктарыбыз толук бүттү»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу халебдик оппозициячылдардын да Идлибге өтүүлөрү темасында макулдашуу керек экенин баса белгиледи.

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин Сирия боюнча сүйлөшүүнүн Казакстанда улантылышын айтканын да талкуулап жаткандарын белгилеген министр Чавушоглу, мунун арачылык эмес, ишеним арттыруучу механизм болгонун белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар