Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу ок атууларды токтотуунун бузулгандыгын айтты

Ок атууларды токтотууга кээ бир башка күчтөр бөгөт болууда

630441
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу ок атууларды токтотуунун бузулгандыгын айтты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сириянын Халеп шаарында кечээ түзүлгөн ок атууларды токтотуу эрежелеринин биринчи эле сааттарда бузула баштагандыгына каршы чыкты.

Чавушоглу  ок атууларды токтотууга режим жана башка кээ бир күчтөрдүн бөгөт болууга аракет кылгандыгы көрүлгөндүгүн белгилеп : «Белгилүү бир келишим түзүлгөн болчу, ал түгүл автобустар да жиберилди, бирок Асад жана кээ бир топтор буга тоскоол болушту. Биз Түрия катары колубуздан келгенди аткардык жана аткарууну улантабыз жана чыныгы кылмышкерлерди да көрбөстүккө салбаңыздар. Түшкү сааттарда кайрадан Лавров менен сүйлөшөбүз. Бул келишимдин ишке ашышы керек»,- деди.

Асад режиминин армиясы жана Иран тууралуу шиит куралдуу күчтөрү Халептин чыгышында түзүлгөн ок атууларды токтотуунун эрежелерин бузуу менен курчоо астындагы аймакка кол сала баштады. Режим күчтөрүнүн жайгашкан жерлерден жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 чамаларында пулемет атыштары башталды.

Оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы 6 километр квадраттык отурукташуу аянтынын ар башка жерлерине 40 минутанын ичинде ондогон пулемет огу түштү. Ошол эле учурда Чыгыш Халеп аймагында Асад режими жана колдоочуларынын кол салууларында ок атууларды токтотуудан мурунку акыркы эки күндө 67 жаран каза болду.

Аймакта 15 -  ноябрдан бери өлтүрүлгөндөрдүн саны 1071ден 1138ге жогорулаган болду. Чыгыш Халепте жүз миңдеген жаран 4 -  сентябрда, режим күчтөрү жана Ирандын командирлигиндеги шиит куралдуу күчтөрүнүн курчоосуна кирген. Абадан кол салууларда бардык саламаттыкты сактоо борборлору, мектептер жана нан бышыруучу жерлер иштен чыккан.

Түркиянын арачылыгы менен Орусиянын жол башчылыгындагы режим күчтөрү жана оппозициячылдардын ортосунда кечээ жергиликтүү убакыт боюнча 19:00 чамаларында түзүлгөн ок атууларды токтотуудан кийин кол салуулар токтогон болчу.

Ок атууларды токтотуу менен курчоо астындагы жарандык жана куралдуу оппозициячылдардын аймактан чыгарылышын күткөн макулдашуу аймактан биринчи этапта жаралуулардын андан кийин жарандардын жана куралдуу оппозициячыл топтордун коопсуз түрдө Идлиб шаарына жиберилишин күтүп жаткан.

Халептин түштүк - батышында жайгашкан оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Идлиб Хатайдын маңдайында.



Тектеш кабарлар